Чек ара кызматы Баткенде тартылган видеого түшүндүрмө берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Баткенде тартылган видеодогу маалыматты төгүндөдү. Маалыматка караганда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына куралчан кирген эмес.
12-мартта Баткендеги Сай айылынын жергиликтүү тургуну өзбек чек арачылары курал менен Кыргызстандын аймагына өтүп кеткени тууралуу видео жарыялаган. Бул маалыматтан кийин эки тараптын чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөргөнү маалымдалды. Анда өзбек тарап аскер кызматкерлери мамлекеттик чек араны бузбаганын, видео аймакты текшерүү үчүн чек ара сызыгына жакын жүргөндө тартылганын билдиришкен. Тасманы тартып алган тургун менен да сүйлөшүү жүргүзүлүп, абал түшүндүрүлдү.
Жолугушууда тараптардын чек ара өкүлдөрү мындан ары түшүнбөстүктү болтурбоо үчүн аскерлердин бардык аракеттерин координациялап, тиешелүү органдарга алдын ала маалымдоону макулдашышты. Калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү чечими да кабыл алынды.
Комментарийлер