• Башкы бет
  • Жаныбек Абакировдун окуясын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү
16:24, 2023-ж., 15-март

Жаныбек Абакировдун окуясын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү

Жаныбек Абакировдун окуясын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү

Бүгүн, 15-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Абировдун мушташкан окуясын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Алар кесиптешин кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушуна макулдук берүү же четке кагуу корутундусун чыгарат. Аягында көпчүлүк добуш менен чечилет.

Комиссиянын курамына «Ыйман нурунан» Замирбек Мамасадыков, Дастан Бекешев, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Айгүл Айдарова, «Ишенимден» Бахридин Шабазов, «Ата-Журт Кыргызстандан «Медер Саккараев, «Мекенчилден» Жусупбек Коргонбай уулу, «Альянстан» Фархат Алимжанов, Ынтымактан» Мурадил Сыдыков жана «Элдиктен» Бакытбек Чойбеков кирди.

12-мартта соцтармактарда бир топ эркек кишилердин мушташкан видеосу тараган. Анда «Короче» телеграм каналы белгисиз адамды муштап, сабап жаткан киши эл өкүлү Жаныбек Абировго окшош экенин жазган. Тасмада топ кишилер жулмалашып, мушташып жаткандыгын көрүүгө болот. Кийинчерээк сабалган адам аталган жайдын коопсуздук кызматкери болгону белгилүү болду. Ал алган жараатынан улам Бишкектеги Улуттук госпиталда даарыланууда.

Октябрь райондук милициясы 12-март түнкү саат 03:30 чамасында белгисиз адам Элебаев көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде коомдук тартипти жана жүрүм-турум нормаларын бузуп, жарандын денесине залал келтиргенин билдирген. Милициядан аталган факты маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын, ошондой эле окуянын бардык катышуучулары аныкталганын билдиришкен. Бирок видеодогу депутат Абиров же ал эмес экени тууралуу маалымат беришкен эмес.

Ал арада президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев депутат катышкан окуя боюнча Садыр Жапаров кабардар экенин, Ички иштер министрлигине окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырмасы берилгенин билдирген. Ал эми Бишкек шаардык милициясы 14-мартта 34 жана 35 жаштагы эки киши кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгендигин, аларга карата «Бейбаштык» беренеси менен иш козгогонун маалымдаган.

14-мартта Жаныбек Абиров кыргызстандыктардан кечирим сурап «Фейсбукка» пост жазды. Депутат ушул тапта окуяны иликтеп жаткан укук коргоо органдары менен кызматташып, керектүү маалыматты берүүгө даяр экенин белгилеген.

Абиров 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жогорку Кеңеш

Комментарийлер

live comments feed...