Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

15-марттан 19-мартка чейин тоолуу райондордо жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка караганда беш күн жаан-чачын болот. Ошондой эле, абанын температурасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу кар көчкү болушу мүмкүн. Кар күрткү күтүлгөн ашуулар:
§Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),
§198-260 чак. (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
§Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун: 1-14 чак. (Өтмөк ашуусу);
§Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун: 70-107 чак.;
§Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чак. (Ийри-Суу тилкеси), 60-94 чак. (Кара-Гөө ашуусу);
§Арал-Миң-Куш унаа жолунун: 1-14 чак.;
§Каракол-Эңилчек унаа жолунун: 45-50 74-86 чак. (Чон-Ашуу ашуусу);
§Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун: 52-68 чак. (Сөөк ашуусу);
ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертти. Эгер кырсык катталса «112» бирдиктүү номерине чалуу керек.
Комментарийлер