• Башкы бет
  • Баткен: 5 жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды
16:19, 2023-ж., 15-март

Баткен: 5 жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Баткен: 5 жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районунда 5 жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-март күнү түнкү саат 21:45 чамасында Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында белгисиз айдоочу унаасы менен 2017-жылы туулган А.Н. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен.

Натыйжада жөө жүрүүчү А.Н. аттуу жаран денесинен жаарат алып, Кадамжайдагы оорукананын сыныктар бөлүмүнө кайрылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын натыйжасында, изин жашырып белгисиз тарапка качып кеткен айдоочу Кадамжай районунун 1953- жылы туулган М.Н. аттуу жараны «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү унаасын Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылындагы үйлөрдүн биринде жашырып койгон жеринен  аныкталган.

Учурда айдоочу тергөө кызматына жеткирилип, автоунаа убактылуу айып короого токтотулган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Баткен

Комментарийлер

live comments feed...