• Башкы бет
  • Ош шаарында стол тенниси боюнча ачык чемпионат өттү
13:03, 2023-ж., 14-март

Ош шаарында стол тенниси боюнча ачык чемпионат өттү

Ош шаарында стол тенниси боюнча ачык чемпионат өттү

Ош шаарынын теннис жана стол тенниси спорт мектебинин базасында балдар, өспүрүмдөр жана кыздар, чоңдор арасында стол тенниси боюнча ачык шаардык биринчилик болуп өттү.

Турнирге 9 жаштан 70 жашка чейинки курак категориясында 130дан ашык спортчу катышты.

Турнирдин жеңүүчүлөрү, байге ээлери Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, медалдары, баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.

Ошондой эле турнирдин жеңүүчүлөрү Бишкек шаарында өтүүчү Кыргыз Республикасынын чемпионатына тандоого катыша алышат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

live comments feed...