• Башкы бет
  • Түркия: жер титирөөдөн 48 миңден ашык адам каза болду
12:54, -ж., 14-март

Түркия: жер титирөөдөн 48 миңден ашык адам каза болду

Түркия: жер титирөөдөн 48 миңден ашык адам каза болду

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 48 миң 448 адамга жетти. Мерт кеткендердин ичинде 6 миң 660 чет элдик жаран бар. Бул тууралуу «Анадолу» агенттиги Түркиянын тышкы иштер министри Сулейман Сойлуга шилтеме менен билдирди.

Сулейман Сойлу белгилегендей, сотмедэксперттер 1 миң 615 адамдын өздүгүн аныктоого аракет кылууда. Алардын айрымдары чет өлкөлүктөр, айрымдары түрк жарандары.

6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

20-февралда Түркиянын Хатай провинциясынын Сирия менен жектешкен аймагында жер титирөө болгон.

27-февралда Түркиянын Малатья провинциясынын Ешилюрт районунда жер силкинген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Түркия

Комментарийлер

live comments feed...