• Башкы бет
  • Жогорку Кеңештин депутаты тарабынан сабалган жаран боюнча президентке маалымат берилди
14:51, 2023-ж., 13-март

Жогорку Кеңештин депутаты тарабынан сабалган жаран боюнча президентке маалымат берилди

Жогорку Кеңештин депутаты тарабынан сабалган жаран боюнча президентке маалымат берилди

Президент Садыр Жапаровго Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан сабалган жаран тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ошондой эле, ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылган.

«Бул жүрүм-турум мындай рангдагы мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбейт», — деп айткан ал.

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы 12-мартка караган түнү  борбор калаадагы ресторандардын биринде мушташ болгонун кабарлады. Маалыматка караганда, жабырлануучу Д.А аны белгисиз бирөө сабаганын айтып арыз жазган.

Эске салсак, кечээ интернетте Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировго окшош адам бир кишини ур-токмокко алып жаткан видео тараган.Бир канча ЖМКлар мушташка катышкан киши Абиров экенин жазышкан.

Ал арада социалдык тармактарга күзөт агенттигинде иштеген, аты аталбаган кишинин бул боюнча билдирүүсү тарап жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жаныбек Абиров

Комментарийлер

live comments feed...