• Башкы бет
  • "Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды
14:47, 2023-ж., 13-март

"Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды

"Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды

АКШ киноакадемиясынын «Оскар» сыйлыгы 12-мартта Лос-Анжелес шаарында 95-жолу тапшырылды. Жеңүүчүлөр телеканалдардын түз эфиринде жарыяланды.

Алгачкы жарыяланган жеңүүчүлөрдүн арасында «Буратино Гильермо дель Торо» картинасы бар. Тасма «мыкты анимациялык көркөм фильм» сыйлыгын алды.

Америка киноакадемиясынын версиясы боюнча эң мыкты экинчи пландагы актер деп, «Все везде и сразу» тасмасында ойногон Ке Хуй Куан табылды. Актриса Жейми Ли Кертис аталган тасмада экинчи пландагы эң мыкты ролу үчүн статуэтка алды.

Мишель Йео «Эң мыкты актриса» номинациясында «Оскар» сыйлыгын алды.

Режиссёр Эдвард Бергердин «На Западном фронте без перемен» тасмасы «Эң мыкты оператордук иш» наамын жеңип алды. Картина эң мыкты чет элдик тасма деп да таанылды.

Немис тасмасынын автору композитор Фолькер Бертельманн «Эң мыкты оригиналдуу партитура» сыйлыгын алды.

Канадалык режиссёр Дэниел Роэрдин «Навальный» тасмасы «Мыкты даректүү тасма» номинациясында сыйлыкка ээ болду.

«Мыкты кыска метраждуу тасма» наамын Том Беркли менен Росс Уайттын «Ирландиялык коштошуу» тасмасы жеңип алды.

Жеймс Кэмерондун «Аватар: Суу жолу» тасмасы визуалдык эффекттер боюнча «Оскар» сыйлыгын алды.

Буга чейин «Оскар» сыйлыгынын уюштуруучулары иш-чарага көзөмөл жүргүзө турган атайын кризистик топ түзгөнү маалымдалган. Мындай чечим былтыркы сыйлык тапшыруу аземинде актер Уил Смитт байланыштуу жаңжалдан кийин кабыл алынган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Оскар сыйлыгы

Комментарийлер

live comments feed...