• Башкы бет
  • Санариптештирүүнүн өнүктүрүү темасында форум өтөт
14:42, 2023-ж., 13-март

Санариптештирүүнүн өнүктүрүү темасында форум өтөт

Санариптештирүүнүн өнүктүрүү темасында форум өтөт

4-мартта санариптештирүүнү өнүктүрүүдөгү Жогорку Кеңештин ролу темасында форум өтөт. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылат.

БУУнун (EGDI) рейтингине ылайык, электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли боюнча Кыргызстан БУУга катышкан 193 өлкөнүн ичинен 81-орунду ээледи. Бул рейтингде болгон мезгилдеги өлкөнүн эң мыкты көрсөткүчү экени айтылды.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу максатында бир канча ченемдик-укуктук актылар кабыл алынды.

Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик ишканаларда жана мекемелерде документ жүгүртүүнү автоматташтыруу, документтерди электрондук форматка өткөрүү үчүн арналган электрондук документ жүгүртүү системасы «Инфодокс» Жогорку Кеңеште иштеп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Форум

Комментарийлер

live comments feed...