• Башкы бет
  • Аксыда ооруканадан өрт чыгып, адамдар эвакуацияланды
14:37, 2023-ж., 13-март

Аксыда ооруканадан өрт чыгып, адамдар эвакуацияланды

Аксыда ооруканадан өрт чыгып, адамдар эвакуацияланды

13-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан ооруканадан өрт чыгып, ичиндегилер эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Учурда өрттү өчүрүү иштери уланууда. Аксы районунан үч, Ала-Бука районунан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды. Азырынча кырсыктын эмнеден чыкканы белгисиз.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова министр Гулнара Баатырова Жалал-Абадга жөнөп кеткенин кабарлады. Кырсык болгон жерде министрликтин координатору көзөмөл жүргүзүп жатат.

«Бейтаптар башка бөлүмдөргө которулуп, эвакуацияланды. Жабыркагандар жок. Бардык тийиштүү иш-чаралар жүрүп жатат. Жалпысынан төрт бөлүмдөн ( реанимация, төрөт, хирургия, балдар) 134 оорулу эвакуацияланды», -деди Жылдыз Айгерчинова. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аксы

Комментарийлер

live comments feed...