14:55, 2023-ж., 11-март

Кара-Сууда 1500 адамга жер берилет

Кара-Сууда 1500 адамга жер берилет

Кара-Суу районунда чек алуу үчүн арыз жазып, кезекте турган 52 миң жаран бар. Бул тууралуу район акиминин орун басары Болоткан Баяке уулу «Т-Медиага» билдирген.

Учурда Жаңы-Арык айылында алардын 1500үн чек менен камсыздоого жете турган жер трансформация болуп келген. Аны бөлүштүрүү иштери жүрүүдө.

«Буга чейин айыл өкмөттөр жер бөлүштүрүп бергенде токтомдо айылды эле көрсөтүп койгон. Кайсы контур, кайсы жеринде жайгашканы айтылган эмес. Ошол себептен бүгүнкү күндө бардык маселе ошого барып такалып жатат. Азыр архитектура, кадастр менен аны да сүйлөштүк. Эми Жаңы-Арыкта транформация болгон 133 гектар жердин ар бирине номер койдук. Ар бир жаранга арызы боюнча ошол номерлөө менен чек берилет» — деди Болоткан Баяке уулу.

Ал эми Нариман айыл өкмөтүндө 215 гектар жер транформация болгон. Аны айыл аймактагы кезекте турган 2 500 жарандын муктаждарына бөлүштүрүүнү талдап чыгуу үчүн облустук деңгээлде комиссия түзүлүп жатат.

Райондогу башка айыл аймактарда да жерлер багытын алмаштырууга даярдалууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кара-Суу району

Комментарийлер

live comments feed...