• Башкы бет
  • Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелип чет өлкөнүн жараны кармалды
14:50, 2023-ж., 11-март

Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелип чет өлкөнүн жараны кармалды

Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелип чет өлкөнүн жараны кармалды

Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет өлкөнүн 1982-жылы туулган М.И.М. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жаран Орусиянын аймагындагы жашыруун террористтик топтун активдүү мүчөсү болгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ал 2022-жылдын октябрында Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келгендиги такталган.

Кармалган жаран жасалма паспорт алып, андан кийин Сириянын аймагындагы куралдуу кагылыш болгон аймакка барууну пландаганы аныкталган.

Учурда УКМК тарабынан анын Кыргызстандын аймагындагы М.И.М.нын шериктерин аныктоого жана кармоого багытталган зарыл тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Чек ара

Комментарийлер

live comments feed...