• Башкы бет
  • Кара-Сууда өрттүн кесепетинен бир адам каза болду
14:47, 2023-ж., 11-март

Кара-Сууда өрттүн кесепетинен бир адам каза болду

Кара-Сууда өрттүн кесепетинен бир адам каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Мөнөк айылында өрттүн кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Мөнөк айылында жайгашкан Б.Рыскулов акөчөсүндө турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 08:43тө Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 09:04тө чектөөгө алынып, 09:27де толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен 61 жаштагы эркек киши каза болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош облусу

Комментарийлер

live comments feed...