• Башкы бет
  • Түркия үчүн ачылган атайын эсепке 102 млн сомдон ашык акча чогулду
14:43, 2023-ж., 11-март

Түркия үчүн ачылган атайын эсепке 102 млн сомдон ашык акча чогулду

Түркия үчүн ачылган атайын эсепке 102 млн сомдон ашык акча чогулду

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 11-мартка карата 102 млн 822 миң 315,83 сом, 18 миң 250 рубль жана 65 миң 67 доллар чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Зилзаладан жабыркагандарга жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө акча которушууда.

Эскерте кетсек, Түркия менен Сирияда 6-7-февралда катуу жер титирөө катталып, кеминде 45 миңден ашуун адам көз жумган. Учурда миңдеген жарандар турак-жайсыз күн кечирүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жер титирөө

Комментарийлер

live comments feed...