• Башкы бет
  • Си Цзинпин үчүнчү мөөнөткө кайра шайланды
13:28, 2023-ж., 10-март

Си Цзинпин үчүнчү мөөнөткө кайра шайланды

Си Цзинпин үчүнчү мөөнөткө кайра шайланды

Бүгүн, 10-мартта Кытайдын лидери  Си Цзинпин үчүнчү мөөнөткө кайра шайланды. Аны Бүткүл Кытай эл өкүлдөр кеңешинин депутаттары бир добуштан колдоду.

Кытайдагы өлкө лидерин шайлоо бүгүн таң эрте өтүп, добуш берүү жашыруун жүргөн. Шайлоого 2952 депутат катышты.

Муну менен Си Цзинпин үчүнчү мөөнөткө шайланган алгачкы Кытай лидери болуп калды. Буга чейин Кытайдын Башмыйзамы боюнча төрага эки мөөнөткө гана шайланып келген.

70 жашын белгилөө алдында турган Си Цзинпин 2013-жылы бийликке келген. 2018-жылы экинчи мөөнөткө кайра шайланган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кытай

Комментарийлер

live comments feed...