• Башкы бет
  • "Мегакомдун" мурдагы жетекчисинин орун басары кармалды
13:25, 2023-ж., 10-март

"Мегакомдун" мурдагы жетекчисинин орун басары кармалды

"Мегакомдун" мурдагы жетекчисинин орун басары кармалды

Ашыкча баа менен жабдууларды сатып алуу фактысынын негизинде «Альфа Телеком» ЖАКнын мурдагы жетекчилеринин бири кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Такталгандай, «Альфа Телекомдун» IT технология боюнча департаментинин жетекчилери жана башкы директорунун мурдагы орун басары П.М.А. жеке катышуучулар менен келишим түзүп, жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала 20 миллион сомго жакын зыян келтирилгени аныкталган.

Алынган далил материалдардын негизинде П.М.А. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Мегаком

Комментарийлер

live comments feed...