• Башкы бет
  • Өзбекстанда Кыргызстандан уурдалган жаран табылды
13:23, 2023-ж., 10-март

Өзбекстанда Кыргызстандан уурдалган жаран табылды

Өзбекстанда Кыргызстандан уурдалган жаран табылды

Уурдалган кыргызстандык жаран Өзбекстандан табылды. Ага шектүү катары Наманган облусунун 2 тургуну кармалганын УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат коңшу өлкөдөгү кесиптештери менен биргеликте жүргүзгөн иштердин натыйжасында, шектүүлөр Өзбекстандын МККнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«2023-жылдын 28-февралында О.С.Т. аттуу кыргызстандык белгисиз бирөөлөр тарабынан Өзбекстандын аймагына О.Т.Т. аттуу агасын уурдап кетишкенин айтып кайрылган. 2022-жылдын 23-октябрында алдоо жолу менен Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан «Баймак» өткөрмө пункту аркылуу  алып өтүшкөн. Ал адамды барымтага беш ай кармап, аны бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкан», — деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын 7-мартында уурдалган О.Т.Т. Кыргызстанга алынып келинип, жакын туугандарына өткөрүлүп берилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Адам уурдоо

Комментарийлер

live comments feed...