• Башкы бет
  • Арипов: "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушун тездетүүгө умтулабыз
09:53, 2023-ж., 10-март

Арипов: "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушун тездетүүгө умтулабыз

Арипов: "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушун тездетүүгө умтулабыз

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен соода-экономикалык, инвестициялык, суу-энергетика, транспорт-коммуникация, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алышты.

Министрлер кабинетинин башчысы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдө кыргыз-өзбек Өкмөттөр аралык комиссиясынын жана чек арага чектеш облустардын башчыларынын кеңешинин, ошондой эле өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишинин маанилүү ролун белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылы ич ара соода жүргүзүүнүн көлөмүн эки млрд доллар жеткирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Абдулла Арипов кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөгө жана кеңейтүүгө, жалпысынан өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырастады.

«Өз ара сооданын көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүк бар жана ири биргелешкен долбоорлорду, атап айтканда, "Камбар-Ата-1" ГЭСин жана «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушун тез арада ишке ашырууга умтулабыз», — деди Арипов.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Акылбек Жапаров

Комментарийлер

live comments feed...