• Башкы бет
  • Акылбек Жапаров өзбек президенти менен жолукту
09:51, 2023-ж., 10-март

Акылбек Жапаров өзбек президенти менен жолукту

Акылбек Жапаров өзбек президенти менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук-өндүрүштүк секторлордогу, логистикадагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактар ​​аралыкбайланыштардыжанамаданий-гуманитардыкалакалардыбекемдөөнү талкуулашты.

Ошондой эле өнөр жай кооперациясы, айыл чарба, энергетика, транспорт тармагында кызматташууну мындан ары кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк бар экени белгиленди.

Биргелешкен пахта-текстиль кластерлерин түзүүнүн жана электр приборлорун өндүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Министрлер кабинетинин төрагасы

Комментарийлер

live comments feed...