• Башкы бет
  • 8-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат
15:25, 2023-ж., 7-март

8-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

8-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 8-мартта түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, экинчи жарымында Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+13, күндүз +17…+22,

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, түштөн кийин жаан жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +20…+22 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...