• Башкы бет
  • Жалал-Абад: Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигин шаардын балансынан чыгаруу маселеси сунушталууда
15:22, 2023-ж., 7-март

Жалал-Абад: Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигин шаардын балансынан чыгаруу маселеси сунушталууда

Жалал-Абад: Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигин шаардын балансынан чыгаруу маселеси сунушталууда

Жалал-Абадда жүргүнчүлөрдү ташуу агентигин шаардын балансынан чыгарып, Транспорт министрлигине өткөрүү сунушталып жатат. Шаардык кеңеш 6-марттагы сессиясында аталган маселени карады, деп жазат "Т-Медиа".

Калаа мэриясынын маалыматында, мындай сунуш Министрлер кабинетинин токтомун аткаруу үчүн киргизилген. Себеби, былтыр январда өкмөт республикалык маанидеги эки ири шаарга гана жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигин иштетүүгө укук берген токтом чыгарган. Демек, мындай мекеме Ош, Бишкек шаарларында гана өз алдынча ишмердүүлүгүн жүргүзө алат. Анын Жалал-Абад шаарында иштеши мыйзамсыз.

“Республикалык маанидеги шаарларга гана уруксат берилген. Калгандарын жоюу маселесин токтом аркылуу бекиткен. Бизде АПТ ишканасын жоюу талабын Транспорт инспексиясы көтөргөн. Бул маселенин мыйзамсыз экенин талдап, шаардык кеңештин токтомун жокко чыгаруу маселесин койдук. Бирок депутаттар аны колдобой жатат. Чийки, өзүбүздө калса жакшы деген пикирлерин билдиришти. Андай болбойт да. мыйзам баарыбызга бирдей болушу керек» — деди Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков.

Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги 1999-жылдан бери шаардын балансында иштеп келген. Эми аны жоюп, Транспорт минитсрлигине өткөрүп берүү керек. Бирок жыйында айрым депутаттар сунушка каршылыгын билдиришти.  Мындан улам, шаардык кеңеш, документерди толуктап карап чыгуу үчүн артка кайтарды.

Жалал-Абад шаарында 12 каттам бар. Ар күнү 145 кичи автобус каттамга чыгат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жалал-Абад

Комментарийлер

live comments feed...