• Башкы бет
  • Жер мунапысы боюнча мыйзамдын 27-пункту алынып салынды
15:14, 2023-ж., 7-март

Жер мунапысы боюнча мыйзамдын 27-пункту алынып салынды

Жер мунапысы  боюнча мыйзамдын 27-пункту алынып салынды

Президенттен тапшырмасы менен Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 27-пункту алынып салынды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан бүгүн, 7 мартта  билдиришти.

Садыр Жапаров 6-мартта «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн.Анда мыйзамды жетиштүү аткарбаганы үчүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну тапшырган.

Анда президент Чүйдүн Аламүдүн районунда жер амнистиясына жамынып, эч нерсе курула элек айдоо жерлер трансформацияга түшүп калган фактылар аныкталгандыктан аким Бактибек Анаркулов кызматтан бошотулганын кошумчалаган. Мындан тышкары өлкөнүн башка аймактарында, өзгөчө Чүй жана Ош облустарында, Ош шаарында жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү тапшырган.

5-мартта президент Садыр Жапаров Ак-Ордо конушунда үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган Марал Шаболотовадан кабар алган.Окуянын чоо-жайын билүү үчүн тургундар менен сүйлөшкөн.

Шаболотованын үйү кошунасы жазган арыздын негизинде 1-март күнү кечинде буздурулуп, төрт баласы менен көчөдө калган. Кайдыгер карабагандар убактылуу баш калкалоо үчүн боз үй тигип беришкен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Садыр Жапаров

Комментарийлер

live comments feed...