• Башкы бет
  • Президент үйү түрттүрүлгөн аял менен жолугушту
14:04, 2023-ж., 6-март

Президент үйү түрттүрүлгөн аял менен жолугушту

Президент үйү түрттүрүлгөн аял менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта «Ак-Ордо» конушуна барып, үйү түрттүрүлүп кеткен Марал Шараболотова менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. 

Султанбаевдин айтымында, Жапаров соттун чечиминен улам үйү буздурулуп, өзү балдары менен барар жери жок калган келиндин окуясы коомчулукта чоң резонанс жараткандыктан, маселени жеринде териштирүүнү чечкен.

«Аялдын үй-бүлөсү жер тилкесин он жылдай мурун ишеним кат менен сатып алып, салган үйдө жолдошу жана жашы жете элек төрт баласы менен жашап келген. 2017-жылы, мораторий маалында ушул эле тилкеге башка тараптар кызыл китеп алышкан. Соттук органдар аялдын курулушун мыйзамсыз деп таап, аны бузуу чечимин кабыл алышкан. Абийирсиз тараптардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында бул сыяктуу көйгөй көпчүлүк жарандарда болууда» — дейт Орунбеков.

Президент жолугушууда, окуя боюнча териштирүү жүргүзүү жана бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Садыр Жапаров

Комментарийлер

live comments feed...