• Башкы бет
  • "Азаттыктын" соту 17-мартка жылдырылды
14:01, 2023-ж., 6-март

"Азаттыктын" соту 17-мартка жылдырылды

"Азаттыктын" соту 17-мартка жылдырылды

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту «Азаттыктын»  ЖМК катары ишмердигин токтотуу тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өтүнүчү боюнча отурумун 17-мартка жылдырды.

Ага министрликтин «Азаттык» тууралуу Юстициядан тиешелүү документтери керек деген өтүнүчү себеп болгон.

Министрликтин аталган доо арызында «Азаттыктан» кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялган видеоматериалы өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. Ошондой эле медиа мекеме « “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин «согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат» деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

Эске салсак, былтыр 26-октябрда министрлик «Азаттык» медиасынын веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө»  мыйзамга негиздеп, Эркин Европа/Азаттык радиосунун дагы бир кызматы — «Настоящее время» телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы себеп болгонун билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Азаттык радиосу

Комментарийлер

live comments feed...