• Башкы бет
  • Президенттин жубайы Москвадагы кыргызстандыктар менен жолукту
13:53, 2023-ж., 6-март

Президенттин жубайы Москвадагы кыргызстандыктар менен жолукту

Президенттин жубайы Москвадагы кыргызстандыктар менен жолукту

Президенттин жубайы Айгүл Жапарова Орусиянын Москва шаарында Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдиришти.

Айгүл Жапарова Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин иши менен таанышып, Ак калпак күнүнө карата уюштурулган иш-чарага катышты.

Андан тышкары Москвадагы Кыргызстан аялдар кеңеши менен жолугушуу өткөрүп, ал жерде сүйлөгөн сөзүндө аялдардын коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык турмушка активдүү катышуусуна өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеп өттү.

Москва шаарында бүгүн, 6-мартта «Кыргызстан менен Орусиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу» аттуу биринчи кыргыз-орус аялдар форуму өтөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Айгүл Жапарова

Комментарийлер

live comments feed...