• Башкы бет
  • Кыргызстанда илимий изилдөөлөргө 5 млрд сом бөлүнөт
12:57, 2023-ж., 4-март

Кыргызстанда илимий изилдөөлөргө 5 млрд сом бөлүнөт

Кыргызстанда илимий изилдөөлөргө 5 млрд сом бөлүнөт

Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмеси өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Анда Акылбек Жапаров эми жыл сайын мамлекеттик органдарга бөлүнгөн каражаттардын 1%ы илимий изилдөөлөргө багытталарын айтты.

«Бул болжолдуу түрдө жыл сайын 5 млрд сомго жакын каражат. Мамлекеттик органдар ата мекендик окумуштуулар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын түзүмүнө кирген илимий-изилдөө институттары тарабынан жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн заказ кылуучусу болуусу тийиш. Ошол эле учурда натыйжалуулугу өтө төмөн болгон Улуттук илим фондун кайра түзүү зарыл», — деди ал.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Акылбек Жапаров

Комментарийлер

live comments feed...