• Башкы бет
  • Бишкек шаарында таштандыларды сорттоочу 100 пункт ачылышы мүмкүн
12:56, 2023-ж., 4-март

Бишкек шаарында таштандыларды сорттоочу 100 пункт ачылышы мүмкүн

Бишкек шаарында таштандыларды сорттоочу 100 пункт ачылышы мүмкүн

Бишкек шаарынын мэриясы таштандыларды чогултуу жана сорттоо үчүн 100 пункт курууну пландоодо. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, пилоттук долбоордун алкагында борбор калаада таштандыларды сорттоочу пункттар Жибек Жолу проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде, «Бишкек Парк» соода борборунун жанында, Раззаков менен Жумабек, Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган.

«Эко-аянтчалар улуттук жана эл аралык стандарттарды, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен курулган. Евроконтейнердин ичине видеокөзөмөл камера орнотулуп, суу, канализация жана электр энергиясына кошулган. Ошондой эле таштандыларды сорттоочу бөлмө аристон жана кондиционер менен жабдылган», — деп белгилешти мэриядан.

Долбоордун максаты жарандарда таштандыны өзүнчө чогултуу маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо, жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, күн мурун, 2-мартта Бишкек шаарынын мэриясы таштандыларды чогултуу жана сорттоо үчүн 50 пункт курууну пландап жаткандыгын маалымдаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бишкек мэриясы

Комментарийлер

live comments feed...