• Башкы бет
  • Президент "Ак-Кула" ат майданына барды
12:54, 2023-ж., 4-март

Президент "Ак-Кула" ат майданына барды

Президент "Ак-Кула" ат майданына барды

Бүгүн, 3-мартта президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы «Ак-Кула» ипподромуна пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы билдирди.

Анын айтымына караганда, мамлекет башчысы ипподромду кыдырып, анын учурдагы абалын көрүп чыкты.

«Садыр Жапаров заманбап жаңы ипподром куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча сунуштарды киргизүүнү, ошондой эле учурдагы ипподромду бузуп, анын ордуна калкка жеңилдетилген ипотекалык насыя менен берилчү көп кабаттуу үйлөрдү салуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды», — деп жазды Султанбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Садыр Жапаров

Комментарийлер

live comments feed...