• Башкы бет
  • Ош шаарынын мэри Туу күнү менен шаардыктарды куттуктады
14:34, 2023-ж., 3-март

Ош шаарынын мэри Туу күнү менен шаардыктарды куттуктады

Ош шаарынын мэри Туу күнү менен шаардыктарды куттуктады

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун Туу күнүнө карата куттуктоосу:

Урматтуу мекендештер!Ардактуу аксакалдар! Уюткулуу Ош шаарынын эли!

Баарыңыздарды бүгүнкү маанилүү күн менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Ар бир мамлекеттин өзүнүн символдору болот. Ал Гимн, Герб, жана Туу. Бул символдордун баары бирдей каралат – аларды бөлүп кароого болбойт.

ЭгемендүүлүктүналгачкыжылдарындаГимнге, ГербкежанаТуугаконкурстаржарыяланып, алардыкабылалуудабиздинлегендарлуу парламенттин депутаттары бараандуу салым кошушкан. Эгемендүү кыргыз мамлекетинин түптөлүү тарыхында биринчи кезекте биздин Мамлекеттик Туубуз кабыл алынган.

1992-жылы 3-марткүнүКыргызРеспубликасынынЖогоркуКеңешитарабынанКыргызРеспубликасынын Мамлекеттик Туусу бекитилген. Туубуз 1992-жылдын 5-мартында Өкмөт үйүнүн чатырында орнотулган. Ал эми Ошто 6-март күнү көтөрүлгөн.

Элибизардайымбүтүн, эркинболсун, биздинкызылтуубузКыргызстандажашаганбардыкулуттардыбириктириптурсун.

“Ынтымактуу элден - ырыс кетпейт” деп элибизде айтылгандай туубуз ар дайым биздин жеңиштерди даңазалап желбирей берсин!

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бакыт Жетигенов

Комментарийлер

live comments feed...