• Башкы бет
  • Жол эрежесин бузгандардын айып пулунун жогорулашы боюнча президент комментарий берди
14:28, 2023-ж., 3-март

Жол эрежесин бузгандардын айып пулунун жогорулашы боюнча президент комментарий берди

Жол эрежесин бузгандардын айып пулунун жогорулашы боюнча президент комментарий берди

Президент Садыр Жапаров айдоочулар үчүн айып пулдардын жогорулашы боюнча пикирин билдирип, «Кабар» агенттигине кезектеги маегинде билдирди.

Анда өлкө башчы айдоочу жол эрежесин бузбашы керектигин белгилеген. Ошондой эле, көтөрүлгөн айып пул менен бюджетти толтуруу максаттары жок экенин айткан.

«Ким болбосун жол эрежесин бузбай айдаш керек. Элдин баары ошого көнүшү зарыл. Бул мен үчүн же Акылбек Жапаров үчүн эмес, өздөрү үчүн да. «Акылбек Жапаров бюджетти толтурам деп айыптарды көтөрүп жатат» деген сөздөрдү окуп калып жатам. Айып пул менен бюджет толбойт. Бюджет салык менен бажыдан толот. Бул айып пулдар биздин бюджет үчүн деңиздин бир тамчысы сыяктуу эле. Кеп анда эмес. Кеп башкада болуп жатат. Жыл сайын авариядан каза болгон жана майып болуп калган жарандарыбыздын саны көбөйүп баратат. Жаш балдарыбыз каза болуп кетип жатат. Каза болгондордун санын уксаңар согушта дагы мынча каза таппайт», — деген өлкө башчы.

Ошондой эле, жол кырсыгынан каза болгондорду, майыптык алып калгандардын санын келтирген.

«Акыркы 30 жылда айдоочулук күбөлүктөр туш келди сатылып келгенин билебиз. Бул эч кимге жашыруун деле эмес. Мен депутат болуп жүргөн мезгилде 16-18ге чыккан балдарына ата-энелери айдоочулук күбөлүктү белек кылып жаткандарына көп күбө болгом. Азыр ошолордун баары эл арасында машина айдап жүрүшөт да. Албетте, жол эрежесин толук билишпейт. Анткени ата-энеси күбөлүктү сатып берген. 2020-жылга чейин айдоочу күбөлүктөр сатылып келген. Азыр андай жок. Ким экзамен тапшырса алат. Тапшыра албаса бир ай, эки айдан кийин кайрадан тапшырып жүрүп, качан гана өзү тапшыра алганда алат. Күбөлүктү сатып алгандар ошентип оңолот. Анын эмнеси жаман», — деген.

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарга карата жазаны катаалдаштырган. 8-марттан тартып мас абалында рулга отургандар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Мындан тышкары, дагы бир канча жазалар күчөтүлгөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Садыр Жапаров

Комментарийлер

live comments feed...