• Башкы бет
  • Кара-Сөгөт айылынын тургундары көмүр ташыган унаалар жолдорду талкалаганын айтып чыгышты
14:19, 2023-ж., 3-март

Кара-Сөгөт айылынын тургундары көмүр ташыган унаалар жолдорду талкалаганын айтып чыгышты

Кара-Сөгөт айылынын тургундары көмүр ташыган унаалар жолдорду талкалаганын айтып чыгышты

Кара-Суу районунун  Кара-Сөгөт айылынын тургундары Ош шаарына узак жол менен каттап калышкан. Ага Ош-Кара-Сөгөт жолунунун ашууларын көмүр ташыган унаалар бузуп салганы себеп болгон.

Айылдын тургуну Каныбек Мамажунусовдун айтымында, Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожокелең айылынан көмүр ташыган оор жүк ташуучу унаалар Кара-Сөгөт айылынын жолу көмүр ташып баштаган.

«Кара-Сөгөт айылынан Ош шаарына баруучу негизги жолубуздун бийик ашуусун көмүр ташыган унаалар бузуптур. Жолубузда бийик ашуу бар, ошол жерден өткөн унаалардын дөңгөлөгү ылайга батып, жолду бузуп салыптыр. Айылдан шаарга каттаган кичи автобус чыга албай калып, Папан айыл өкөмтү аркылуу шаарга баруучу узак жолго салууга мажбур болууда. Анан калса айылдагы ФАПтын тез жардам унаасы чыга алабай, оорулуулар кыйналган учур болду. Өткөрбөй коелу десек, анча-мынча түнкү саат 3-4дө каттап, айрымдары ошол бийик ашууга тыгылып, трактор алып келип жолду сүрдүрүп, чыгышып, каттап атышат. Бир унаа оодарылып жатат көмүрү менен кошо. Айылдыктарга кыйын эле болду. Жеңил унаалар өтө албай калды», — деди Мамажунусов.

Ал эми, Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы Бердибек Абдрахманов, ӨКМ айдоочуларга тапшырма бергенин айтууда. Жолду калыбына келтирүү иштерин оор жүк ташуучу унаалардын ээлери моюнуна алган.

«Ал иштер боюнча кабарыбыз бар. Кечээ күнү ӨКМдин адистери, милиция кызматкерлери кошо барып, протоколдор түзүлүп, жолду калыбына келтирүү боюнча тапшырмалар берилген. Ошол күнү эле тракторлорду алып келишип, жолду оңдойбуз деп моюндарына алышкан. Эми алар бул жол менен каттабай турган болушту. Папан айыл өкмөтүндө шлагбаум коюлган экен, аны сындырып өтүшкөн экен. Аны да калыбына келтирүү боюнча тапшырмалар берилген», — деди айыл өкмөт башчы.

Кара-Сөгөт айылы Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн курамына кирет. Ал айыл Папан айыл өкмөтүнүн  айылдары менен жанаша жайгашкан. Мурда айылдан Ош шаарына бир жарым сатта келишсе, азыр Папан аркылуу айланып келүүгө мажбур болушкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кара-Сөгөт айылы

Комментарийлер

live comments feed...