• Башкы бет
  • Мектеп директорлорунун маяналары көтөрүлөт
16:11, 2023-ж., 1-март

Мектеп директорлорунун маяналары көтөрүлөт

Мектеп директорлорунун маяналары көтөрүлөт

Быйыл мектеп директорлорунун жана алардын орун басарларынын (завучтардын) айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев парламенттин 1-марттагы жыйынында айтты.

«Мугалимдин кадыр-баркын көтөрбөсөк болбойт. Президент менен Министрлер кабинети бул жагынан чоң кадам жасап, окутуучулардын айлык акысын көтөрдү. Эми 1-апрелден тарта директор жана завучтун айлыгын көтөрүүгө 481 млн сом карап жатат. Бул дагы мугалимге болгон колдоо», — деди Иманалиев.

Президенттин жарлыгы менен 2022-жылы апрелден тарта мугалимдердин айлыгы жогорулады.

Жогорку Кеңештин 1-марттагы жыйынында билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна сунушталган Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги талкууланууда. Аны 24-февралда президент билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Каныбек Иманалиев

Комментарийлер

live comments feed...