• Башкы бет
  • Ош шаарында 3 тектоникалык жарака бар
16:01, 2023-ж., 1-март

Ош шаарында 3 тектоникалык жарака бар

Ош шаарында 3 тектоникалык жарака бар

Ош шаарынын аймагында 3 жер астындагы ажырым бар. Алар Мады, Ак-Буура жана Катар аталышында.

Ош шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул жер астындагы жаракаларды Сейсмология инстутуту өткөн жылы келип тактап кеткен.

«Алардын кеңдиги 60-75 метр. Кууш жерлери 60, кээ бир кең жерлери 75 метрге чейин жетет. Учурда шаарыбыздын деталдык пландоо долбоору коомдук талкууда турат. Толугу менен жарандар колдоп берсе, ага кошулуп бул тектоникалык аймактар да бекитилет», — дейт Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетектөөчү адиси Мирлан Өмүралиев.

Шаардын түштүк-чыгыш тарабы Озгур айылынан Мады тарапка карай Мады тектоникалык жаракасы, Сулайман-Тоонун бир капталынан Гапар Айтиев көчөсүн бойлой Араван району тарапка карай Ак-Буура жер астындагы жаракасы, ал эми шаардын түштүк бөлүгүндө Катар тектоникасы бар.

Өмүралиев кошумчалагандай, аталган аймактарда көп кабаттуу үйлөр жок. Бирок, жарандардын жеке турак жайлары болушу мүмкүн. Ошондой эле, ал жерлерге жакын аймакка көп кабаттуу турак жай салам деген ишкерлерге уруксат Сейсмология инстутут тарабынан гана аныкталат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

live comments feed...