• Башкы бет
  • Баткенде Өзбекстан менен Кыргызстан биргеликте газ өндүрөт
15:57, 2023-ж., 1-март

Баткенде Өзбекстан менен Кыргызстан биргеликте газ өндүрөт

Баткенде Өзбекстан менен Кыргызстан биргеликте газ өндүрөт

Баткенде Өзбекстан менен биргеликте жаратылыш газы өндүрүлөт. Эки тараптуу сүйлөшүү болуп, Өзбекстан менен Кыргызстан биргеликте аймактагы газды кайрадан иштетүүнү көздөп жатышат. Жергиликтүү бийлик, максат ийгиликтүү ишке аша турган болсо Баткен облусун жаратылыш газы менен камсыз кылууга болот деп ишендирүүдө.

Баткен районунун Ак-Турпак айылынын тургундары союздан калган эски газ капмасын 2005-жылдары ашар жолу менен оңдоп,  түтүктөрдү орнотуп айылды газ менен камсыздашкан. Бирок 5-6 жылдай гана көгүлтүр от келип, кийинчерээк токтоп калган.  Жергиликтүү тургундардын айтымында ал кезде  бийлик бул аймактагы газды иштетүүгө кызыктар болгон эмес.

Кадамжай районунун аймагында жайгашкан Бүргөндү массивинде газ кампасы иштебей калган соң Баткен жана Кадамжай районунун Бүргөндүгө жакынкы айылдарында жаратылыш газы берилбей калган.

Азыр эми эки таптуу сүйлөшүү болуп, Өзбекстан менен Кыргызстан биргеликте бул аймактагы газды  кайрадан иштетүүнү көздөп жатышат.

«Быйылкы сезонго изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө, аны оңдоп калыбына келтирип, ошондон кийин биргелешкен ишкана түзүлөт. Өзбекстан мамлекети газды сатып алып, камоо боюнча иш аракеттин негизинде болуп жатат. Биздин негизги максат Баткен шаарынын тургундарын газ менен камсыз кылуу болуп эсептелинет» -деп айтат өз сөзүндө Кадамжай районунун акими Кутбидин Шакиров.

Жергиликтүү бийлик, максат ийгиликтүү ишке аша турган болсо Баткен облусун жаратылыш газы менен камсыз кылууга болот деп ишендиришүүдө.  Аталган газ кампасына 2 млрд куп газ корун сактоого болот. Ал үчүн башка чет мамлекеттрден сатып алып, Өзбекстандын Фергена, Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад облустарына чейин жеткирүүгө мүкүнчүлүк түзүлөөрүн убадалашууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Баткен

Комментарийлер

live comments feed...