• Башкы бет
  • Жалал-Абадда мыйзамсыз иш алып барган диний билим берүүчү борбор аныкталды
14:29, 2023-ж., 22-февраль

Жалал-Абадда мыйзамсыз иш алып барган диний билим берүүчү борбор аныкталды

Жалал-Абадда мыйзамсыз иш алып барган диний билим берүүчү борбор аныкталды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында мыйзамсыз иш алып барган диний билим берүүчү борбор аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Үстүбүздөгү жылы 16-февралында УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Мундуз айылындагы «Чолпонай» диний билим берүү борборунун ишмердүүлүгү мыйзамсыз экени  аныкталып, бөгөт коюлду.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, бул диний окуу борбору 2022-жылдын ноябрында, «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамдын 8-10-беренесин бузуу менен негизделгени аныкталган.

Диний борбордо үч мугалим эмгектенип, 30га жакын жергиликтүү тургун билим алышкан. Сабактар жумасына эки жолу өткөрүлүп, Курандын негиздерин жана исламий укук илимин үйрөтүшкөн. Ошол эле учурда мугалимдердин жогорку диний билими жок болуп чыккан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында диний окуу борборунун ишмердүүлүгү токтотулуп, 5500 сом айып салынды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УКМК

Комментарийлер

live comments feed...