• Башкы бет
  • Башкы прокуратура аскер бөлүктөгү мыйзамсыз иштерид аныкташты
11:30, 2023-ж., 20-февраль

Башкы прокуратура аскер бөлүктөгү мыйзамсыз иштерид аныкташты

Башкы прокуратура аскер бөлүктөгү мыйзамсыз иштерид аныкташты

УКМКнын контрчалгындоо башкармалыгы менен биргеликте Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүгүнүн биринде аскердик мүлктүн максаттуу пайдаланышына карата текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө, анын жүрүшүндө аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдары жалпы суммасы 2 млн 298 миң 708 сомдук ар кандай материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз коротууга жол беришкендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенилип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Башкы прокуратура

Комментарийлер

live comments feed...