• Башкы бет
  • Ош: муниципалдык төлөмдөрдү накталай эмес түрдө кабыл алуу маселеси талкууланды
14:49, 2023-ж., 17-февраль

Ош: муниципалдык төлөмдөрдү накталай эмес түрдө кабыл алуу маселеси талкууланды

Ош: муниципалдык төлөмдөрдү накталай эмес түрдө кабыл алуу маселеси талкууланды

16-февралда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаевдин жетекчилиги астында банк жетекчилеринин, муниципалдык мекеме-уюмдардын жана кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.

Анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү накталай эмес түрдө кабыл алуу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, иш-чара КР Министрлер Кабинетинин жана КР Улуттук банкынын (биргелешкен) 2022-жылдын 16-декабрындагы №680/66-6 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө” токтомуна жана Ош шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 13-январындагы №7 “Ош шаарында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу чараларын көрүү жөнүндө” токтомуна ылайык өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө КР Улуттук банкынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын өкүлү Нургазы Келдиев банк кызматтарын санариптештирүү жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Ошондой эле муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери сунуштарын билдиришти.

Отурумдун жүрүшүндө коммерциялык банктар, төлөм уюмдары тарабынан банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, QR коддорду, төлөм терминалдарын жана башка инструменттерди колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алууга арналган тиешелүү жабдууларды (программалык жана аппараттык түзүлүштөрдү) орнотуу маселелери талкууланды.

Маалым болгондой, учурда Ош шаарында 520 даана пост-терминалдар, 202 даана төлөм терминалдары орнотулду.

Иш-чаралар накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн системасын өнүктүрүүгө, санариптик төлөмдөрдү киргизүүгө, төлөмдөрдү кабыл алуунун башка инструменттерин иштеп чыгууга, акча жүгүртүүдөгү ачык-айкындуулукка жетишүүгө жана Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартууга багытталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош

Комментарийлер

live comments feed...