• Башкы бет
  • Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан кетти
14:35, 2023-ж., 17-февраль

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан кетти

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан кетти

Жалал-Абад облусунун Сузак районундук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Үсөнов кызматынан кетти. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү бийликтен тастыкташты.

Ага ылайык, жетекчи өз арызынын негизинде жумуштан кеткен.

«Кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Биз аны министрликке жибердик. Алар өзү сунуштайбы эми айтышат», — деди Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров.

Билим берүү министрлиги аларга арыз келгенин билдиришти. Райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматтан кетүүгө арыз жазган  башчысынын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Эске салсак, буга чейин ал «Ынтымак» мектебинин директорунун айтканы боюнча маалыматка тактык киргизген болчу.

Аталган мектептин директору УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев үй-бүлөсүнүн фондунан аларга 10 компьютер алып бергенин айткан.

Кийин биздин телеканалдын сюжетинде райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы ал компьютерлер Билим берүү министрлигинин «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун негизденде дүйнөлүк банк тарабынан убактылуу иштетүүгө берилгенин кошумчалаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Сузак району

Комментарийлер

live comments feed...