• Башкы бет
  • Ош: Ооган согушунда курман болгондор эскерилди
14:13, 2023-ж., 16-февраль

Ош: Ооган согушунда курман болгондор эскерилди

Ош: Ооган согушунда курман болгондор эскерилди

15-февралда Ош шаарында интернационалист-жоокерлерге арналган мемориалдык комплексте Ооганстандан Советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына арналган иш-чара өттү.

Ага вице-мэр Нурбек Кадыров, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шаардык кеңешинин орун басары Кушбак Шайиев, Түштүк-батыш ыкчам командачылыгынын кол башчысынын өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары Марат Мырзаканов, Ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү, Россиянын Оштогу Башкы консулдугунун өкүлдөрү, КРнын Улуттук гвардиясынын аскер кызматкерлери, интернационалисттер, ардагерлер жана курман болгондордун жакындары катышты.

Иш-чарада катышуучулар мемориалдык комплекстеги өчпөс отко гүл коюшуп, асманга ок атылды. Ошондой эле курман болгон интернационалист-жоокерлердин элесине багышталып куран окулду.

Вице-мэр Н.Кадыров иш-чараны өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, апааттын катышуучуларынын эмгегине токтолду.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэриясы ооган ардагерлерине материалдык жардам катары 240 миң сом бөлгөн.

Ооганстандагы аскердик операциялар 1979-жылдан 1989-жылга чейин созулган. Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгына быйыл 34 жыл болду. Бүгүнкү күндө Ош шаарында 368 интернационалист-жоокер жашайт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

live comments feed...