• Башкы бет
  • Ош шаарында акча опузалоого шектелип 3 спортчу кармалды
15:43, 2023-ж., 11-февраль

Ош шаарында акча опузалоого шектелип 3 спортчу кармалды

Ош шаарында акча опузалоого шектелип 3 спортчу кармалды

Ош шаарында 600 миң сом акча талап кылууга шектелип, аралаш мушташ боюнча К.у.Б., Х.у.М. жана M.X.A. аттуу спортчулардан турган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтан билдиришкендей, «Нага Грэпплинг» федерациясынын президенти — К.у.Б. эки шериги менен ушул жылдын 4-февралында Ош шаарынын Н.Ш.М. аттуу тургунун жолугушууга чакырышкан. Ал жерден физикалык күч колдонуп, тамагына бычак такап, башына баштык кийгизип белгисиз багытта алып кетишкени аныкталган.

«Темир балка менен Н.Ш.М.ны сабап, тапанча такап, физикалык күч колдонуу жана ар кандай коркутуулар аркылуу акча талап кыла башташкан жана 10 күндүн ичинде 600 миң сом табуу шартын коюшкан», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда.

Ошондой эле, УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Криминал

Комментарийлер

live comments feed...