• Башкы бет
  • УКМК: Казакстан менен чектешкен жерден ок-дарылар сакталган кампа табылды
13:44, 2023-ж., 4-февраль

УКМК: Казакстан менен чектешкен жерден ок-дарылар сакталган кампа табылды

УКМК: Казакстан менен чектешкен жерден ок-дарылар сакталган кампа табылды

Талас облусунун Кара-Буура районунун Казакстан менен чектеш тоолуу аймагында курал-жарактар, ок дарылар жана жардыргыч заттар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу 4-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат билдиргендей,  текшерүүнун алкагында жашыруун РГД-5 үлгүсүндөгү жардыруучу зат жана 12-калибрдеги мылтык табылган. Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УКМК

Комментарийлер

live comments feed...