• Башкы бет
  • Баткенде кыргыз-тажик расмийлеринин жолугушуусу болду
15:05, 2023-ж., 3-февраль

Баткенде кыргыз-тажик расмийлеринин жолугушуусу болду

Баткенде кыргыз-тажик расмийлеринин жолугушуусу болду

2-февралда Лейлек районунун кыргыз-тажик чек арасында, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода жана эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, район акимдеринин катышуусунда жолугушуу өттү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Жолугушууда тараптар чек арадагы кырдаалды талкууга алышып, 3 маселе боюнча макулдашышкан.

Алар:

— Чек ара аймактарындагы бардык көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечүү;

— 2023-жыл ичинде тынчтыкты сактоо багытында биргелешкен иш чараларды өткөрүү;

— Эки облуста тең чек арага жакын жашаган жашоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Ошондой эле, эки тарап тең бир добуштан чек ара боюнча талаш маселелер тез арада чечилиши керек деп эсептешип, сүйлөшүүлөрдү быйылкы жылы аяктоону пландашкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Баткен

Комментарийлер

live comments feed...