• Башкы бет
  • Баткен: жеке менчикке өтүп кеткен жерлер кайтарылды
15:12, 2023-ж., 2-февраль

Баткен: жеке менчикке өтүп кеткен жерлер кайтарылды

Баткен: жеке менчикке өтүп кеткен жерлер кайтарылды

Баткенде жеке менчикке берилип кеткен жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен шаардык мэриясынын 2004, 2008 жана 2009-жылдардагы токтомдору менен жалпы аянты 0,66 га түзгөн жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган жер тилкелери боюнча прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, жыйынтыгында жер тилкелердин укук белгилөөчү жана укук ырастоочу иш кагаздары жараксыз деп табылган.

Райондук прокуратура тарабынан Баткен шаарынын мэриясына келтирилген прокурордук талаптын негизинде, жалпы 4 млн 45 миң сомго бааланган жер тилкелери муниципалдык менчиктин эсебине кабыл алынды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Баткен

Комментарийлер

live comments feed...