15:10, 2023-ж., 2-февраль

Эртең кар жаайт

Эртең кар жаайт

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 3-февралда Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Жалал-Абаддын тоо этектеринде, Чүй, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +5…+10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11,

Ысык-Көлдүн аймагында түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5,

Бишкекте түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +8…+10 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...