• Башкы бет
  • Орусиянын абагында олтурган кыргызстандыктын сөөгү Украинанын аймагынан табылганы айтылууда
15:05, 2023-ж., 2-февраль

Орусиянын абагында олтурган кыргызстандыктын сөөгү Украинанын аймагынан табылганы айтылууда

Орусиянын абагында олтурган кыргызстандыктын сөөгү Украинанын аймагынан табылганы айтылууда

Орусиянын абагында олтурган дагы бир кыргызстандыктын сөөгү Укранинанын аймагынан табылды. Бул тууралуу «МедиаХаб» анын агасына шилтеме берип жарыялады, деп жазат "Т-Медиа" басылмасы.

Маалыматка ылайык, 40 жаштагы Янгибай Рахимов 2022-жылдан бери Тывадагы абактардын биринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. Өткөн жылдын 9-декабрында Украинанын Бахмут шаарында набыт болгон. Сөөгү 23-январда Өзгөндө жерге берилген.

Ал 2 жыл мурун Орусияга барып, такси кызматында иштеп жүргөн. 2022-жылдын жайында банги зат менен кармалып 5 жарым жылга эркинен ажыратылган.

«Эң кичүүбүз болчу. Тывада мөөнөтүн өтөп жаткан. Ал жакта 6 ай кызмат өтөсөңөр чыгасыңар деген келишим болгон окшойт. Мен кой дегем. Кийин ал жакта курулушта иштеп жатам деп бир жолу байланышкан. Андан кийин жок болуп кетти. Ким менен барганын так билбейм. Өлүмү боюнча аныктамада аскердик операция учурунда жардыруудан каза болду деп жазылган. Артында жубайы, эки баласы калды», — деп айткан бир тууган агасы «МедиаХабка».

Буга чейин 22-январда Орусияда абакта отурган 30 жаштагы кыргызстандык Аян Алишеров Украинанын  Бахмут шаарында 24-ноябрда каза тапканы белгилүү болгон.

Жогорку Кеңештин 1-февралдагы жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев Орусиядагы абактарда отуруп, Украинага согушка жөнөтүлгөн кыргызстандыктардын маселесин көтөргөн. Анда ал тийиштүү мекемелерге абакта отурган кыргыз жараны кантип украин-орус согушуна катышып калганын иликтөөнү сунуштаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Орус-украин согушу

Комментарийлер

live comments feed...