14:08
-ж., 29-февраль
Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри Венера Рыскулова кызматтан бошотулуп, анын ордуна Нурбек Кадыров дайындалды.
Ал эми Аппарат жетекчиси кызматына Азат Кубатбек уулу келди. Ал буга чейин Чүй райондук администрациясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
Аппарат жетекчиликти буга чейин башкарып келген Камчыбек Досматов өз арызы менен кызматтан кеткенин 9-январда жарыялаган. Бирок мэрия муну ачыктаган эмес.
Ош мэриясынын басма сөз кызматын Жумамидин Сулайманкулов жетектээри белгилүү болду. Ал буга чейин шаардык бийликтин социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеп жаткан.
Комментарийлер