• Башкы бет
  • Жети ЖМК бир медиаплатформасын түздү
14:59, 2023-ж., 2-февраль

Жети ЖМК бир медиаплатформасын түздү

Жети ЖМК бир медиаплатформасын түздү

2020-жылдан тартып Factcheck.kg, “ПолитКлиника”, T-Media.kg жана “Апрель ТВ” порталдары “Медиа-БлокПост” улуттук платформага биригип, пандемия убагында дезинформацияга каршы күрөшүп келген. Ал азыр Checkit Media деп өзгөртүлүп шериктештикке Bulak.kg, Mediahub жана “Баштан Башта” редакциялары кошулду.

Кыргызстанда бир нече жылдан бери социалдык тармактарда фейк аккаунттардын маселеси көтөрүлүп келатат. Фейктер айрыкча шайлоолордо, коомдо талкуу жараткан окуяларда жанданат. Алар туура эмес, такталбаган маалыматтарды таратып коомдун пикирин өзгөрткөнгө аракет кылат.

Bulak.kg сайты жакында эле “Азаттыктын” жана “Кактус Медианын” жабылышын талап кылып социалдык түйүндөргө пикир жазгандардын көбү фейк аккаунттар экенин аныктаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Checkit Media

Комментарийлер

live comments feed...