• Башкы бет
  • ТҮРКСОЙ окуучулар арасында дилбаян конкурсун жарыялады
14:57, 2023-ж., 2-февраль

ТҮРКСОЙ окуучулар арасында дилбаян конкурсун жарыялады

ТҮРКСОЙ окуучулар арасында дилбаян конкурсун жарыялады

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму мектеп окуучулар арасында дилбаян конкурсун жарыялады. Бул тууралуу аталган уюмдун төрагасы Султан Раев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"ТҮРКСОЙ - түрк дүйнөсүнүн маданий алтын көпүрөсү” деп аталган конкурска 13-15 жаштагы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстандын мектеп окуучулары катыша алат.

"Дилбаяндын максаты мектеп окуучуларынын арасында өзү жашаган өлкөсүнүн улуттук маданиятына, руханий баалуулуктарына, түрк дүйнөсүнүн жалпы дөөлөтөрүнө болгон кызыгууну, сүйүүнү ойготуу, маданий дүйнөнү кабылдоо сезимин жандандыруу аракетине көмөк жана шык берүүнү көздөйт. Катышууга дилгир окуучулар дилбаянды өз эне тилинде жазышы керек. Дилбаянда өз элинин улуттук маданиятын канчалык деңгээлде билет жана ага болгон көз карашын кеңири баяндай алары сыналат", - деп жазган Султан Раев.

Конкурс ар бир өлкөнүн Билим берүү министрлигинин көмөгү менен өткөрүлөт, ошондой эле министрлик алдында түзүлгөн атайын комиссия эң мыкты 10 дилбаянды Анкарага, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы кеңсесине жиберет.

Сынактын мөөнөтү 1-февралдан 20-мартка чейин. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар 23-апрелде Стамбул шаарында эл аралык балдар майрамынын алкагында салтанаттуу тапшырылат. Бардык жеңичүүлөргө Стамбул шаарынын тарыхый жерлерине экскурсия жана Босфор (деңиз ) саякаты уюштурулат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Султан Раев

Комментарийлер

live comments feed...