• Башкы бет
  • Швейцария Кыргызстандын энергетикалык тармагы үчүн 8 млн долларлык грант берет
14:52, 2023-ж., 1-февраль

Швейцария Кыргызстандын энергетикалык тармагы үчүн 8 млн долларлык грант берет

Швейцария Кыргызстандын энергетикалык тармагы үчүн 8 млн долларлык грант берет

Швейцария өкмөтү Кыргызстандын энергетика тармагын жаңылоо жана туруктуу өнүктүрүү долбоорун каржылоого 8 млн долларлык грант берет. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Финансы министри Алмаз Бакетаев жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Хасан Накви, Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер жолугушуп, келишимге кол коюлду.

Швейцариянын Кыргызстандагы элчисинин айтуусунда, жаңы долбоор каржылык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга, калкты жана ишканаларды ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоого, калктын аялуу катмарын социалдык коргоо механизмин түзүүгө багытталат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Швейцария

Комментарийлер

live comments feed...