• Башкы бет
  • Орозайым Нарматова үй камагына чыкты
13:56, 2023-ж., 31-январь

Орозайым Нарматова үй камагына чыкты

Орозайым Нарматова үй камагына чыкты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыкты. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 30-январда чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы «Т-Медиага» билдирген.

Нарматова былтыр декабрда ден соолугун текшертүү үчүн жеке медициналык борборго жеткирилген. Көз карандысыз дарыгер Бермет Барыктабасова Нарматованын ден соолугун текшерип, «абалы канааттандыраарлык эмес» деп корутунду чыгарган.

Эске салсак: былтыр 27-октябрда Орозайым Нарматова Москва шаарынан кармалганы кабарланып, активист Илгиз Шаменов менен бирге Бишкекке жеткирилген. Шаменов Нарматова экөөнө «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча иш козголгонун маалымдаган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер 2022-жылдын октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат. Шаардык сотто Биринчи Май райондук сотунун аларды ушул жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимдери каралып, күчүндө калтырылган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Орозайым Нарматова

Комментарийлер

live comments feed...